Радио

Айталиев: энергетикада жаш адистерди даярдоо долбоору иштелип чыгат

Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев өлкөдө энергетикалык тармакта 16 миңден ашык киши иштеп, алардын катарында тажрыйбалуу мыкты адистер көп экендигин айтты.
Sputnik
Энергетика секторунда жаш адистерди даярдоого басым жасалып, аларга шарт түзүп берүү боюнча долбоор даярдалат. Мындай маалыматты Тилек Айталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен тыгыз иштешип, энергияны кайра жаратуу булактары боюнча студенттерге, жаш адистерге станциянын моделин коюу долбоору каралып жатат.
"Кыргызстанда жалпы энерготармакта инспектор, монтёрдон баштап жогорку квалификациялуу адистерди кошкондо 16 миңден ашык киши иштейт. Алардын катарында өз ишин билген мыкты адистер көп. Кадрдык потенциал бар. Биз Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз. Теориялык билимин практикада көрө ала тургандай мүмкүнчүлүктөрдүн боюнча иш алып баруудабыз. Азыркы заманбап техникалык жабдыктар менен иштөө боюнча да аларга жол көрсөтүүгө умтулабыз", — деди Айталиев.
Ошондой эле ал өлкөдөгү энергетикалык кризистен чыгууда тажрыйбалуу адистердин чечими абдан маанилүү экендигин кошумчалады.