Бишкекте жол кырсыгынан ажал тапкан балдарды эскерүү акциясы өттү. Видео

Бишкекте жол кырсыгынан набыт болгон Кыргызстандын жарандарын эскерүү жүрүшү өттү. Жолдо ажал тапкандарды эскерүүнүн эл аралык күнү жыл сайын ноябрдын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.
Sputnik
Акцияны коомдук фонд жана уюмдар уюштуруп, Улуттук филармониянын имаратынын алдынан Өкмөт үйүнө чейин басып келишти. Жүрүшкө 50дөн ашуун адам катышты.
Унаалар бир мүнөткө токтоп... Чүйдө жол кырсыктан көз жумгандарды эскерген видео
Өкмөт үйүнүн алдында автокырсыктан өмүрү кыйылган балдарга арналып, кепкалардан 78 саны жазылган инсталляция пайда болду. Уюштуруучулар балдар бул баш кийимдерди кие албай кетишти деген идеяны бергиси келген. Ошондой эле алар чоңдордун жоопкерсиздиги, шалаакылыгы жана акмактыгынын айынан жаш өмүрлөр соолуганын белгилешти.
Акциянын катышуучулары автоунаадан ажал тапкандарды бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, инсталляцияга гүл коюшту.