БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Россия мамлекеттик гуманитардык университети менен Кыргыз-Россия Славян университети Орус тили жана адабияты күндөрүн өткөрөт. Бул туурасында аталган окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.
Окутуучулар жана студенттер үчүн лекциялар болуп, илимий популярдуу билим берүү жаатындагы онлайн-модулдар, россиялык онлайн-ресурс окуулуктар менен иштөө боюнча чеберчилик сабактары уюштурулат. Андан сырткары, "Россия — Кыргызстан: кызматташуу жана достук доору" "Россиялык билим берүүнүн Кыргызстандагы тарыхы (1867-1917 ж.ж.)" деп аталган сүрөт көргөзмө ачылат.
19-ноябрда "Кыргызстандагы Кыргыз-Россия Славян университети жана башка ЖОЖдордо орус тили жана адабиятын окутуунун келечеги жана көйгөйлөрү" деп аталган тегерек стол болот. Ага жергиликтүү жогорку окуу жайдын кызматкерлери чакырылган. Андан сырткары, Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин президенти, РФ Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Ефим Пивовар, филология илимдеринин доктору Максим Кронгауз жана башка россиялык илимий ишмерлердин катышары айтылды.
Иш-чаралар 18-19-ноябрда саат 10:00дө Кыргыз-Россия Славян университетинин Киев көчөсүндөгү имаратында өтөт.