Өлкөдө креативдүү экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Бул тууралуу Жалил Муканбетов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ачык иштебеген таланттуу, чыгармачыл жарандар чет жактарга кызмат көрсөтө албайт.
"Креативдүү экономика көбүнчө көмүскөдө жүрөт. Расмий иштөөгө аракеттер көрүлгөнү менен ал үчүн шарт түзүлгөн эмес. Ошондуктан ассоциация креативдүү индустрия өкүлдөрүн көмүскөдөн чыгаруу иштерин алып барат. Анткени көптөгөн чыгармачыл, таланттуу адамдар мыйзамдарды билбей жашырынып иштешүүдө. Кыргызстандын бул тармактагы потенциалы чоң. Дүйнөлүк рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок мыйзам чегинде иш алып барбаса, атаандаштыкка туруштук бере албай калышат. Ошондуктан бул багытка маани берүү зарыл. Креативдүү экономика жаатындагы компаниялар өлкөгө чет элдик валюталарды тартып келе алат. Жумушчу орундарын түзүп, экономикага салым кошот", — деди Муканбетов.
Ошондой эле ал мультипликативдик эффект аркылуу да салым боло турганын кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз: