АКШ Кыргызстанды COVID жугуу коркунучу аз өлкөлөрдүн катарына киргизди

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун дүйшөмбүдөгү жаңыланган көрсөтмөсүндө бир катар өлкөлөрдө оору жугузуу коркунучу төмөндөгөнү аныкталып, саякатчыларга коюлган чектөөлөр жеңилдеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. АКШ бийлиги Кыргызстанды COVID-19 илдетин жугузуу коркунучу төмөн мамлекеттердин тизмесине киргизди. Маалыматты Саламаттык сактоо сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору өзүнүн расмий сайтына чыгарды.
Дүйшөмбү күндөгү жаңыланган көрсөтмөдө бир катар өлкөлөрдө оору жугузуу коркунучу төмөндөгөнү аныкталып, саякатчыларга коюлган чектөөлөр жеңилдеген. Жаңыланган тизмеге ылайык, 30дай мамлекет, анын ичинде Кыргызстан бир кыйла жагымдуу туристтик рейтингге ээ болушту.
Путин G-20 өлкөлөрүн бири-биринин вакцинасын кабыл алууга чакырды
Кыргызстанда чектөөнүн деңгээли жогоркудан биринчи даражага түштү. Башкача айтканда, мурда Кыргызстанга келүүгө таптакыр тыюу салынса, эми эмделген соң өлкөгө саякаттоого жол ачылды.
Кошуна Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан оору жугуу коркунучу белгисиз болгон мамлекеттердин тизмесинде калды. Борбор аталган өлкөлөргө барбай кое турууну сунуштаган.