Чара көрбөсө бензин дагы 9 сомго кымбаттайт. Нефтетрейдерлердин сунушу

Маалыматка караганда, октябрь айынын башында Россиянын нефть иштетүүчү компанияларында күйүүчү майдын тоннасы 100 долларга кымбаттады.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Күйүүчү майдын баасын мындан ары жогорулатпай кармап туруу аракети өлкөдө май куюучу жайлардын иштебей калышына алып келет. Бул тууралуу абалга тынчсызданган Нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлады.
Маалыматка караганда, октябрь айынын башында Россиянын нефть иштетүүчү компанияларында күйүүчү майдын тоннасы 100 долларга кымбаттады. Буга эки фактор себеп болду. Биринчиси — товардын тартыштыгы, экинчиси — ага болгон суроо-талаптын өсүшү. Ошол эле учурда эки ири завод оңдоо иштерине жабылган.
"Октябрда баалардын кескин өсүп кетиши республиканын аймактарында 40тан ашык май куюучу жайдын иш токтотуусун шарттады. Бааны ички рынокто мындан ары кармап туруу аракеттери бардык май куюу жайларынын жабылышына себеп болот. Бүгүнкү күндө бензиндин бир литринин өздүк наркы сатылып жаткан баасынан 8,9 сомго кымбат", — деп айтылат ассоциациянын билдирүүсүндө.
Адистер жылдын аягына чейин бааны октябрдагы деңгээлинде кармап турууга салык системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү гана жардам бере аларын айтышууда.
Кыргызстанда жашоо минимуму 22 пайызга жогорулады. Статистика
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлери бийликке күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү үчүн өз сунушун киргизген. Тагыраагы, быйылкы жылдын октябрынан декабрь айына чейин салыктын өзгөрүп туруу механизмин колдонууну сунуштады. Анда акциз салыгынын ставкасын убактылуу төмөндөтүп жана дизель майын импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгеленген.
Андай болбой турган турган болсо, нефтетрейдерлер төмөнкүдөй эки сценарийди божомолдоп жатышат: