2006-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 24 жашында дипломатиялык статус теориясы боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Ал эми 29 жашында эл аралык укуктук интеграция боюнча докторлук диссертациясын жактаган.
Диссертацияларынын бардыгы АКШдан, Япониядан жана Россиядан жазылган.
Тышкы иштер министрлиги менен Конституциялык палатада эл аралык интеграциялык укук маселелери боюнча иштеген.
2008 жана 2009-жылдары Баетов аспирант катары FDFP стипендиясын утуп алып, андан кийин Гарвард университетинен расмий илимий стажировкадан өтүү үчүн жеке чакыруу алган (диссертацияга тезис жазуу үчүн).
2011-жылы Токиодогу GRIPS университетинен билим алуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынын глобалдык стипендиясын утуп алган. Ал жактан Public Policy магистри болуп, диссертациянын тезистерин дагы толук бүтүргөн.
2021-жылдын октябрь айында Кыргызстандын юстиция министри болуп дайындалды.
Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.