Сүйүнчү! Эрназар Акматалиев атаандашын 9:5 эсеби менен утуп, финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Шри-Ланка жана Армениядан келген эки балбанды ишенимдүү жеңип, кийинки этапка өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев Норвегияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында атаандашын караандатпай жеңип, финалга чыкты.
Айсулуу атаандашын таза жеңиш менен утуп, жарым финалга чыкты
70 килограмм салмак категориясында күч сынашып жаткан Эрназар баштапкы этапта Шри-Ланкадан келген балбанды, 1/8 финалда армениялык балбанды, ал эми чейрек финалда кыл чайнаш кармашта ирандык Эрфан Мохаммад Элахини утуп алган эле. 
Эми Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн польшалык Магомедмурат Гаджиев менен кармашат. Финалдык кармаштар эртең, 5-октябрда кечинде болот.