БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында беларустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип утуп алды. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз көрсөтүүдө.
Беттештин биринчи бөлүгү 4:4 менен аяктады. Ал эми экинчи бөлүгүндө атаандашы чабуул жасап дагы эки упай алган. Андан соң дагы бир ыкма жасаганда кыргызстандык балбан далысын жерге тийгизе басып салды. Натыйжада Айсулуу Тыныбекова таза жеңишти камсыздады.
Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озакини 6:4 эсебинде уткан.