23-сентябрда Бишкектин бир катар көчөлөрү менен конуштары жарыксыз калат

Электр жарыгы шаардын борбордук бөлүгүнөн тышкары жаңы конуштарда дагы өчүрүлөт. Буга пландык оңдоолор себеп болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Эртең, 23-сентябрда, Бишкектин кээ бир аймактары жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-17:00 — Москва көчөсүндөгү №189 үй, Ильменский, Троицкий, Мессарош көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ильменский туюк көчөсүндө;
  • 9:00-18:00 — Мурас-Ордо, Алтын-Бешик, Көлмө (Медина, Ак-Жол, Республиканская көчөлөрү), Тынчтык, Арча-Бешик (Ак-Туз, Кара-Кужур, Садыбакасов, Шербет, Кең-Көл, Термечиков, Камбар-Ата, Кең-Суу көчөлөрү) конуштарында;
  • 9:30-17:00 — Токтоналиев көчөсү, № 76;
  • 9:30-18:00 — Хмельницкий, Широкий көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, айнек заводунун аймагында;
  • 9:30-18:30 — Көк-Жар (Ой-Терскен-Санжыра көчөсү) конушунда, Чоң Чүй каналынын боюнда (Лермонтовдон Осмонкулга чейин).