Министр Казакбаев БУУда Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмөсүн ачты

Сүрөттөрдө өлкөнүн байыркы тарыхы, кооз жерлери, улуттук спорт оюндары, маданияты, жаратылышы жана Кыргызстандын БУУ менен болгон мамилеси чагылдырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Кыргызстан жөнүндө баяндаган сүрөт көргөзмөсүн ачты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Маалыматка караганда, министр БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышып жатат.

"Анын алкагында Казакбаев Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн ачты. Анда өлкөнүн байыркы тарыхы, кооз жерлери, улуттук спорт оюндары, маданияты, жаратылышы жана Кыргызстандын БУУ менен болгон мамилеси чагылдырылган", — деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөгө иш-чарага катышып жаткан чет мамлекеттердин делегацияларынын бардык мүчөлөрү күбө боло алат.