Владимир Путин Мамдуманын шайлоосуна онлайн добуш берди

Россиянын лидери тегерегиндеги кызматкерлерден коронавирус аныкталгандыктан обочолонууга кеткени кабарланган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Владимир Путин Мамдуманын шайлоосуна электрондук система аркылуу добуш берди. Бул тууралуу РИА Новостиге президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирген.

"Путин онлайн добуш берди", — деди ал.

Мамлекеттик дума аралаш шайлоо системасы аркылуу беш жылга шайланат. 225 депутат партиялык тизме менен, дагы 225и бир мандаттуу округдан шайланат.

Эске салсак, буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин тегерегиндеги кызматкерлерден коронавирус аныкталгандыктан обочолонууга кеткен. Ал Душанбеде өткөн ЖККУ менен ШКУнун саммитине дагы онлайн катышты.