Милиция Туйгунаалы Абдраимовду суракка алып кетти

Чүй облусунун мурдагы башчысы бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп шектелип жатканы белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы саясатчы Туйгунаалы Абдраимовдон сурак алуу үчүн үйүнөн алып кетти.

Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп шектелип жатканы белгилүү болду.

Абдраимов мурда Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет башкарган, 2018-2019-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ал журналисттин келбетине асылып, коомчулуктун кескин сынынан кийин кызматтан алынган.