БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
- Кыргызстандын министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы тоо-кен тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- Кыргызстандын министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрө жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети жана Түркиянын Статистикалык институту ортосундагы статистика жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору менен Түркиянын Халал аккредитация агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- кеңешменин протоколу.