Кыргызстан менен Палестина футболчуларынын оюну башталды. Сүрөт

Бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы менен Палестина футболчуларынын беттеши башталды. 

Оюнда ата-мекендик команда салттуу кызыл кийим кийип чыкса, атаандаштары ак кийимчен болот. Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашат. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионунда старт алды. Стадионго келген көрүүчүлөрдүн саны уламдан-улам көбөйүп жатат.

Эскерте кетсек, бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтүүдө.