Еврокеңештин башчысы Жапаровду Брюсселде чыдамсыздык менен күтүп жатышканын айтты

Сүйлөшүүдө тараптар кыргыз-европалык көп пландуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Региондогу кырдаалдын өнүгүшү, анын ичинде Афганистандагы абал боюнча да пикир алмашуу болду.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Европа кеңеши быйыл Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Брюсселге сапарын чыдамсыздык менен күтүп жатат. Бул тууралуу аталган кеңештин төрагасы Шарль Мишель өлкө башчысы менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө айтканын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Диалог Европа кеңеши тарабынан демилгеленген.

Тараптар кыргыз-европалык көп пландуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле региондогу кырдаалдын өнүгүшү, анын ичинде Афганистандагы абал боюнча пикир алмашышкан.

Жапаров Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен телефондон сүйлөштү
Еврокеңештин төрагасы Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу эң жакшы тилектерин айтып, Европа үстүбүздөгү жыл ичинде Садыр Жапаровдун Брюсселге келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеген.

Президент өз кезегинде Кыргызстан үчүн Европа биримдиги менен ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенине өзгөчө токтолгон.

Жапаров акыркы жылдары эки тараптуу багыттагы алака кеңейип жатканын белгилеп, кыргыз тараптын кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирген.
Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына пландалган “Борбордук Азия – Европа биримдиги” бизнес-форумуна катышуу үчүн Бишкекке делегация жөнөтүүгө даяр экендигин ырастаган.