"Шамбала" тасмасы Канадада өтө турчу кинофестивалдын негизги сынагына кирди

Артыкбай Сүйүндүковдун толук метраждуу тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы HECare Film Festival (Human-Environment Care Film Festival) эл аралык кинофестивалынын негизги сынагына илинди. Бул тууралуу "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы кабарлады.

Режиссёр Сүйүндүковдун эл аралык фестивалдан уткан сыйлыктары колуна тийди
Фестиваль Канаданын Онтарио провинциясында өтөт. Бул Канададагы маанилүү маданий иш-чаралардын бири болуп саналат.

Сүйүндүковдун толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

"Шамбала" тасмасы быйыл 25-апрелде "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын утуп, Россиянын Кинематографиялык искусство академиясынын "Ника" сыйлыгына татыган. Ошону менен бирге 8-15-январда Калькуттада (Индия) өткөн эл аралык кинофестивалда "Мыкты режиссура" сыйлыгына ээ болгон. Мындан тышкары, бир катар кинофестивалдарга катышкан.