Ош шаарына мэр болуп Алмаз Мамбетов шайланды. Сүрөт

Алмаз Мамбетов буга чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан. Бүгүн ал депутаттардын көпчүлүк добушу менен калаа башчысы болуп шайланды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. – Sputnik. Бүгүн, 26-август күнү, Ош шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында Алмаз Мамбетов калаа мэри болуп шайланды.

Жыйынга 45 депутаттын баары тең толук катышып, 43ү "макул", экөө "каршы" добушун берди.