Кыргыз аялдары сөз билги, иш билги, жөн билгилиги менен айырмаланып турган. Аял айланасын мээрими, сүйүүсү, жылуулугу менен гана көрккө бөлөбөстөн, сабыр менен, сарамжалдуулугу менен да өзгөчөлөнгөн. Аялзатына тиешелүү бул асыл сапаттар жашоодо кандай учур болбосун керек болот. Аялга урмат, сыйды унутпайлы!