Аймактык тескөөчүлөр үчүн жаңы форма иштелип чыкты. Сүрөттөр

Бүгүн президент Садыр Жапаров ИИМдин борбордук аппаратынын ремонттолгон имаратын барып көргөн. Ал жактан ага аймактык милиционерлер жай, кыш жана жаз-күз мезгилдеринде кие турган формалардын үлгүлөрүн көрсөтүштү.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстанда аймактык тескөөчүлөр үчүн жаңы форма иштелип чыкты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Аймактык тескөөчүлөр үчүн жаңы форма иштелип чыкты. Сүрөттөр

Бүгүн президент Садыр Жапаров ИИМдин борбордук аппаратынын ремонттолгон имаратын барып көргөн. Ал жактан ага аймактык милиционерлер жай, кыш жана жаз-күз мезгилдеринде кие турган формалардын үлгүлөрүн көрсөтүштү.

"Кызматкерлер ошондой эле планшет жана боди-камералар менен камсыздалат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жапаров милиционерлерди заманбап жабдуулар менен тезинен камсыздоо керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, бул нерсе милициянын ыкчам иштешине шарт түзмөкчү.