Марипов казак премьери Маминге: элдин жана транспорттун эркин жүрүүсү маанилүү

Марипов эки өлкө аймагы боюнча жарандардын жана транспорттук каражаттардын, анын ичинде транзиттик жүк ташуулардын эркин жүрүүсү үчүн чараларды кабыл алуу керектигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Тараптар Ысык-Көлдө өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында кезиккен.

Жолугушуунун жүрүшүндө Марипов Кыргызстан эки өлкө ортосундагы жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын билдирген.

Марипов казак премьери Маминге: элдин жана транспорттун эркин жүрүүсү маанилүү

Ошондой эле ал экономикалык активдүүлүктүн бара-бара калыбына келип жаткандыгын жана соода жүгүртүүдөгү оңдуу көрсөткүчтөрдү белгилеген. Атап айтканда, ушул жылдын январь-май айларында өз ара товар жүгүртүү 495,6 миллион долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,4 пайызга көп.

Мындан тышкары, Марипов эки өлкө аймагы боюнча жарандардын жана транспорттук каражаттардын, анын ичинде транзиттик жүк ташуулардын эркин жүрүүсү үчүн чараларды кабыл алуу керектигин айткан.

"Кыргызстан өнөктөштөр менен тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жакшыртуу жана жеңилдетүү боюнча ачык талкуу өткөрүүгө даяр экендигине ишендирип кетким келет. Биз үчүн, өзгөчө пандемия маалында жүк ташуучуларга шарттарды түзүү иретинде мындан ары чек араларыбыздагы туруктуу абалдын сакталышы маанилүү", — деди Марипов.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин казак тарап дагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдар экенине ишендирди.

Экономика, эриш-аркак жыл, орус тили. Марипов менен Мишустиндин жолугушуусу
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын 2-апрелинде тараптар кол койгон кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 9-отурумунун протоколуна жүк ташуу процессин жеңилдетүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлду. Ошондой эле ушул жылдын сентябрь айында күздүк себүү үчүн казак тараптан 1 миң тонна үрөн бөлүү макулдашылды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жана Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү концепциясына кол коюшкан.