Элчи Афганистандагы кыргызстандыктар менен Памир кыргыздары тууралуу маалымат берди

Элчи ушу тапта сыркоолоп, эки айдан бери Кыргызстанда дарыланып жатат. Ага карабастан үзгүлтүксүз байланышып, Афганистандагы абалдан кабардар болуп, элчиликтин ишин тыкыр көзөмөлдөп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Үч кыргызстандык Афганистандан Бириккен Араб Эмираттарына чыгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов Sputnik агенттигине билдирди. 

Элчи Афганистандагы кыргызстандыктар менен Памир кыргыздары тууралуу маалымат берди

Кечирээк дагы үч кыргызстандыкты АКШлыктардын көмөгү менен Дубайга чыгарып кетүү сүйлөшүлгөн.

“Жалпысынан Афганистанда 20 кыргызстандык бар. Алар чач тарач, ресторан жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштешет. Азыркы кырдаалда коркунучта калган айрым кыргызстандыктар Казакстандын элчилигине убактылуу жайгаштырылып, ошол жерде турушат. Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү чартердик каттамдарды уюштурганы жатат. Качан экени азырынча белгисиз”, — деген Ниязов.

Ал ошондой эле ар бир кыргызстандык көңүл сыртында калбайт деп ишендирди. Алардын баарынын колунда ар кайсы убакытта учуп кетүүгө билети бар.

Өзбекстан Афганистандын 22 учагы менен 24 тик учагын мажбурлап кондурду
Ниязов ошондой эле Афганистандагы Кыргызстандын элчилиги талибдер менен байланышка чыкканын айтып, кыргызстандыктардын Дубайга жана башка мамлекеттерге чыгып кетүүсүнө көмөктөшүп жатат.

Элчи талибдер дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугуна кепилдик бергенин белгиледи.

Мирослав Ниязов азыркы тапта сыркоолоп, эки айдан бери Кыргызстанда дарыланып жатат. Ага карабастан үзгүлтүксүз байланышта болуп, Афганистандагы абалдан кабардар болуп, элчиликтин ишин тыкыр көзөмөлдөп турат.

Памирлик кыргыздардын тагдыры кандай болот?

Элчи билдиргендей, согуштук аракеттерде этникалык кыргыздар дүрбөлөң түшүп, кичи Памирди таштап качкан. Кийин алар жашаган жерлерине кайра кайтышкан.

“Афганистандагы согуш тарыхында кыргыздар эркин болуп, эч кандай зомбулукка кабылган эмес. Алар ээн-эркин жүрүшкөн. Чакан улут катары кыргыздарды эч бир режим басынткан эмес”, — деп белгиледи Ниязов.

“Талибдер”* — террористтик уюм катары Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган