Президент Олимпиадага баргандарды качан сыйлай турганы айтылды

Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Буга чейин президент Садыр Жапаров Олимпиададан байгелүү кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек убадалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан медаль алган спортчулар менен Кыргызстандын курама командасына сыйлык тапшыруу аземи 23-августта өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болот.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Олимпиададан байгелүү кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек камдап жатканын билдирген.

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов (күмүш), Айсулуу Тыныбекова (күмүш) жана Мээрим Жуманазарова (коло) байгелүү орундарды ээлешкен.