Афганистандан кыргызстандык тогуз киши кайтарылды

Калган жарандар коопсуз жайда экени, учурда аларды Кыргызстандын Кабулдагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн имаратына көчүрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бүгүн, 17-августта, Афганистандан Кыргызстандын тогуз жараны кайтарылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Министрлик Афганистандагы туруксуз абалга байланыштуу жарандарды эвакуациялоо иштери уланып жатканын белгиледи.

"Калган жарандар коопсуз жайда, учурда аларды Кыргызстандын Кабулдагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн имаратына көчүрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кыргызстанга виза алуу жана эвакуация боюнча кайрылган афган жарандары этникалык кыргыздар деген маалымат текшерилип жатканын айтышты.

Буга чейин өлкөнүн Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов өлкөдөгү кыргызстандыктар менен Памир кыргыздары тууралуу маалымат берип, ошондой эле кыргызстандык дипломаттар талибдер* менен байланышка чыкканын айткан