"ПСЖ" Мессинин алгачкы машыгуусун жана Рамос менен кездешкен видеосун чыгарды

Франциялык "Пари Сен-Жермен" футбол клубу жаңы келген 34 жаштагы аргентиналык спорт жылдызы Лионель Мессинин алгачкы машыгуу учурундагы видеосун көрсөттү.
Sputnik

Чабуулчу машыгуу базасына келип оюнчулар менен учурашып, андан соң машыга баштады.

Ошондой эле ал бул клубга келген дагы бир жаңы футболчу Серхио Рамос менен да жолукту. Алар кучакташып учурашып, бир саамга сүйлөшүп турушту. Белгилей кетсек, Рамос 16 жыл бою "Барселонанын" негизги атаандашы "Реал Мадридде" ойногон. Эки оюнчу футбол талаасында жаңжалдаша кеткен жайы да бар.

Андан соң машыгуу оюн талаасында улантылды.

Месси көз жашын аарчыган салфетка 1 млн. долларга аукционго коюлду
Лионель Месси менен "Барселона" клубу келишимди узартууга даяр болгон, бирок анын экономикалык жана Ла Лигадагы структуралык эрежелери менен макулдаша албай калышкан. Мындан улам футболчу өткөн жумада ал жактан кетип, карьерасын Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубунда улантмай болду.

Лионель Месси "Барселонанын" курамында 2004-жылы ойноп баштаган. Каталониялык команда менен бирге аргентиналык футболчу тогуз ирет Испания чемпионатын, жети жолу Испания кубогу мелдешин уткан. Төрт жолу УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин жеңүүчүсү болгон. Месси "Барселонанын" сабында расмий оюндарда көп ойногон (778 беттеш) жана көп гол (672 гол) киргизген футболчу болуп саналат.