БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда бир айдын ичинде кайсы азыкка болгон баа кымбаттап, кайсылары арзандаганын айтты.
Тизмеде 14-июлдан 13-августка чейинки маалыматтар көрсөтүлгөн.
Кымбаттагандар:
- Буудай уну (1,2-сорт) — 33 сом 8 тыйындан 34 сом 1 тыйынга жана 27 сом 1 тыйындан 27 сом 8 тыйынга (2,5 пайыз);
- Аи-80 күйүүчү майы — 50 сом 6 тыйындан 52 сом 6 тыйынга (4 пайыз);
- Аи-92 күйүүчү майы — 53 сом 1 тыйындан 55 сом 9 тыйынга (5,3 пайыз);
- дизель майы — 48 сом 1 тыйындан 50 сом 2 тыйынга (4,4 пайыз).
Арзандаган азыктар:
- кумшекер — 62 сом 8 тыйындан 61 сом 9 тыйынга (1,4 пайыз);
- өсүмдүк майы — 159 сом 2 тыйындан 150 сом 6 тыйынга (5,4 пайыз);
- картошка жана сабиз — 35 сом 3 тыйындан 29 сом 1 тыйынга жана 68 сом 6 тыйындан 50 сомго (27,1 пайыз);
- 10 даана жумуртка — 88 сом 5 тыйындан 86 сом 8 тыйынга (1,9 пайыз).