Башкы прокурордун орун басарлары алмашты

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, биринчи орун басар да алмашты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Башкы прокурордун орун басарлары Нуркамал Набиев менен Рысбек Альчиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Ошондой эле дагы бир жарлыгы менен баш прокурордун биринчи орун басары болуп Абай Молдокматов дайындалды.

Мындан сырткары, Кубан Адыл уулу жана Кумарбек Токтакунов орун басарлыкка бекитилди.