Таалайбек Сарыбашов район акимдери менен таанышып, тапшырма берди. Сүрөт

Мэрдин милдетин аткаруучу администрация башчыларына ордо калааны тазалоо, көрктөндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов райондордун акимдерин кабыл алып, алардын жасап жаткан иши менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, администрация башчылары аткарып жаткан иштери жана райондогу ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти.

Калаа башчысынын милдетин аткаруучу акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана шаардын тазалыгына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп, ордо калааны тазалоо, көрктөндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган.