БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Россиянын Свердлов облусунун администрациясы Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун эстелигин жасап, Кыргызстанга өткөрүп берет. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Эстелик Бишкекте Иван Панфиловдун атын алып жүргөн паркка коюлмакчы.
Ппрезиденттик администрациянын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов менен жолугушту. Ага Россиянын элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Руслан Бийбосунов жана россиялык скульптор Иван Дубровин катышкан.
"Россия тарап Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Свердлов облусунун администрациясынын колдоосу менен Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун эстелигин колодон окшош кылып кайра жасап, өлкөгө өткөрүп берүү демилгесин көтөрүп чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Касмамбетов эстеликти кайра жасоо демилгеси үчүн Россия тарапка ыраазычылыгын билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарга уюштуруу иштеринде ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтүүнү тапшырган.