Кыргызстандык окуучу Балкан математикалык олимпиадасынан коло байге утту

Бул сынакка Кыргызстандын атынан Бишкектеги төрт мектептен алты окуучу катышты. Алар 22 мамлекеттен келген окуучулар менен жарышты.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасында коло медаль утту. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Олимпиада 1-июлда башталып, 4-июлда жыйынтыкталган. Ага бардыгы болуп 22 мамлекеттен 128 окуучу катышкан.

Кыргызстандык команданын курамы:

  • Абдумалик Турсунов, Келечек-MIT;
  • Актан Койчуманов, "Газпром-Кыргызстан" мектеби;
  • Максим Залепо, №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи;
  • Нурсултан Эшперов, "Газпром-Кыргызстан" мектеби;
  • Станкулов Илим, United World эл аралык мектеби;
  • Фёдор Корнияш, №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи.