Айсулуу күмүш алганына карабай дүйнөлүк рейтингде биринчиликтен түшкөн жок

Кыргызстандык спортчуну Олимпиаданын финалында жеңип алган атаандашы, япониялык Юкако Каваи экинчи сапка көтөрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 5-август. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жаңыланган рейтингинде биринчи орунду сактап калды. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында жазылды.

Устат Изабеков Токиодо намыска жараган кыздарын канатына калкалап... Фотофакт
Жаңы рейтинг Токио Олимпиадасындагы мелдештер жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Мында Тыныбекова күмүш медалга ээ болгон. Бирок ага карабай 78 упай менен лидерликтен түшкөн жок.

Ал эми финалда жеңишке жеткен атаандашы япониялык Юкако Каваи экинчи сапка көтөрүлдү. Анын чогулткан упайы 68 экени көрсөтүлгөн.

Үчүнчү орунда 44 упай менен украиналык Ирина Коляденко турат.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнүн 62 килограмм салмак категориясында 2019-жылы дүйнө чемпиону болгондон кийин UWW рейтингинде биринчи сапка чыккан. Ошондон бери лидерликти бербей келе жатат.