Бали! Айпери Медет кызы олимпиада чемпионун утуп, жарым финалга чыкты

76 килограмм салмак категориясында ат салышып жаткан Медет кызы чейрек финалда Олимпиада чемпионун 12:0 эсебинде утту.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Олимпиада мелдешинин чейрек финалында россиялык Наталья Воробьеваны утуп, жарым финалга чыкты.

76 килограмм салмак категориясында ат салышып жаткан Медет кызы чейрек финалда олимпиада чемпионун 12:0 эсебинде утту.

Буга чейин 6:1 эсебинде казакстандык каршылашын жеңген.

Жарым финалда Медет кызы америкалык Аделина Мария Грей менен беттешет.