Караколдогу суу ташкыны зоопаркты дагы каптады. "Бугу-Эне" фонду жардам сурайт

Суу ташкыны зоопарктын тосмолорун сындырып, ичиндеги жолдорду жууп кеткенин, кабелдер үзүлүп электр энергиясы өчүп калганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Каракол дарыясынан суу ташып, шаардагы зоопаркты дагы каптады. Бул тууралуу "Бугу-Эне" фонду кабарлады.

Маалыматка караганда, жаныбарлар кармалган жайдын тосмолору сынып, кызматкерлер тамактанчу жалгыз үйгө да суу кирген. Ичиндеги жолдорду жууп, кабелдер үзүлүп электр энергиясы өчүп калган.

"Мүмкүн болушунча жаныбарларды кургак жерлерге которуп жатабыз. Мунун баарын оңдоого каражат талап кылынат", — деп жазылган маалыматта.

Андыктан "Бугу-Эне" фонду жаныбарларды сактап калуу үчүн жардам сурайт. Реквизиттери Facebook баракчасында көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн Каракол суусунун денгээли көтөрүлүп, ташып кетүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу жака белиндеги 27 турак жайдын ээлери коопсуз жайга көчүрүлгөн.