Zoom аркылуу сыйынуудан тарта Жер-Үйдүн эриген алтынына чейин. Сүрөт түрмөк

Sputnik

Дүйнө мусулмандары Курман айт майрамын белгилешти. Москва облусунда МАКС-2021 эл аралык авиациялык-космостук салон ачылды. Стамбулда Суруч шаарындагы террордук актынын жылдыгына карата акцияга чыккандар кармалды.

Токиодо XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өттү. Тарыхта алгачкы ирет ачылыш азем көрүүчүлөрсүз өттү. Аренада 950 гана киши катышты, алар расмий өкүлдөр жана журналисттер болду. АКШнын Орегон штатындагы Грандвью шаарында өрттөнгөн токойду авиациянын жардамы менен өчүрүп жатышат.

iPhone менен тартылган мыкты сүрөттөр: Photography Awards 2021 сынагы жыйынтыкталды   
Президент Садыр Жапаров баш калаадагы соода борборлорунун биринде кытайдын Sinopharm дарысы менен коронавируска каршы эмдөө алды. Таиландда будда динин туткандардын күнү белгиленди. Коронавируска байланыштуу Ват Пхра Дхаммакая храмындагы адамдар Zoom тиркемеси аркылуу сыйынуу жөрөлгөсүн өткөрүштү.

Россиянын президенти, жогорку кол башчы Владимир Путин РФтин Аскер-деңиз флотунун күнүнө карата болуучу Башкы аскер-деңиз парадынын алдында Фин булуңундагы кемелерди карап чыкты.

Германияда Бренд (Bernd) циклону менен келген нөшөрдөн улам каптаган селдин кесепетин четтетип жатат.

Талас алтын комбинатынын химиялык-металлургиялык цехинде Жер-Үй кенинен чыккан алтындын алгачкы куймаларын алышты.

Кыргызстандан Олимпиада-2020 оюндарына 16 спортчу жолдомо алган. Токиодогу XXXII жайкы олимпиада оюндарынын расмий ачылышындагы парадда Кыргызстандын мамлекеттик туусун пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча мелдештин катышуучусу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүштү.

 

1 / 20
Япониялык спортчу кыз Махина Маэда Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алдында машыгып жатат
2 / 20
Индонезияда мусулмандар Курман айт майрымында сыйынып жатышат
3 / 20
Президент Садыр Жапаров баш калаадагы соода борборлорунун биринде кытайдын Sinopharm дарысы менен коронавируска каршы эмдөө алды
4 / 20
Таластагы алтын-кен комбинатындагы химиялык-металлургиялык цехинде алтын куймасы алынды. Жер-Үй Кыргызстандагы алтындын көлөмү боюнча экинчи кен болуп саналат. Анда алтындын запасы 90 тоннаны түзөт, ал эми күмүш 25 тонна. Кенде бардык табигый ченемдерге жана стандарттарга шайкеш келе турган алдыңкы технологиялар жана жабдуулар пайдаланылат.
5 / 20
"Стрижи" учкучтар тобу МиГ-29 учактары менен Россиянын Москва облусундагы МАКС-2021 эл аралык авиация жана космостук салонунда программа тартуулап жаткан учуру
6 / 20
Стамбул полициясы Суручтагы террордук актынын жылдыгына арналган нааразычылык акциясындагы активисттерди кармап жатат
7 / 20
Якутияда РФтин Коргоо министрлигинин жана Россиянын географиялык коомунун аракети менен куткарылган ак аюу
8 / 20
Россиянын пляждагы волейбол оюну боюнча спортчусу Надежда Макрогузова Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Швейцария командасынын кыздары менен беттеш алдындагы машыгуу оюнунда
9 / 20
Гаитинин Кап-Аитьене аймагындагы базары
10 / 20
Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышындагы спортчулардын парадында атылган салют. Азем көрүүчүлөрсүз өттү. Мындай чечим коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам кабыл алынган. Аренада 950 киши турду. Ачылыш салтанатка 205 өлкөнүн жана качкындардын олимпиадалык командасынын спортчулары катышты.
11 / 20
Кыргызстан курама командасынын туу көтөргөн спортчулары пневматикалык мылтыктан ок атуу мелдешинин катышуучусу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышында. Олимпиада-2020 мелдешине Кыргызстандан 16 спортчу ат салышат.
12 / 20
АКШнын Орегон штатындагы Грандвьюда учак токойдогу өрткө жалынды басаңдатуучу заттарды (оттун жайылышын басаңдатуучу атайын каражат менен суунун аралашмасы) чачып жатат
13 / 20
Кыргызстандык фехтование чебери Роман Петров Түштүк Кореянын өкүлү Сегеон Ма менен Токиодогу Олимпиада оюндарында таймашып жаткан учуру. Беттеште кыргызстандык спортчу 15:7 эсебинде утту.
14 / 20
Индиянын Ченнаи аймагындагы Марина пляжында кызматкер темирден жасалган скульптураны орнотуп жатат
15 / 20
Россиянын Новосибирск шаарынын Ленин районундагы Түштүк-Батыш конушунун аймагындагы жасалма көлдө аптапта кактанып жаткан кыз
16 / 20
Россиянын президенти, Жогорку кол башчы Владимир Путин РФнын Аскер-деңиз флотунун күнүнө карата боло турган Башкы аскер-деңиз парадынын алдында Фин булуңундагы кемелерди карап жаткан учуру
17 / 20
Таиланддын Ват Пхра Дхаммакая храмында Будда дининдегилердин күнүн белгилөө аземи учурунда адамдар Zoom тиркемеси аркылуу сыйынып жатканын экрандан көрсөтүп жатат
18 / 20
Индиянын Аллахабад аймагында көчө соодагери жаандан жашырынып жатат
19 / 20
Спортчулар Лена Хентшель менен Тина Пунцель Япониядагы Олимпиада оюндарында синхрондук сууга секирүү боюнча коло медаль алышты. Немис кыздар үч метрлик бийиктиктен секиришкен
20 / 20
Германиянын Бад-Мюнстерайфел аймагында суу каптоодон кийин үйүн тазалап жаткан киши.