Садыр Жапаров коомчулукка эмне үчүн көз айнекчен чыгып жатканы айтылды 

Президент Садыр Жапаров биринчи жолу коомчулукка күндөн коргоочу көз айнек менен 23-июлда чыккан. Ал имарат ичинде дагы очки тагынып жүргөнүнө байланыштуу жарандарда суроо жаралган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. – Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров көзүнө операция жасалганына байланыштуу жабык имараттардын ичинде дагы күндөн коргоочу көз айнек тагынууга аргасыз болууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жапаров менен Ташиевдин жаратылыштагы сүрөтү: бири сүйлөп, экинчиси берилип угуп...
Ага ылайык, президентке көздүн алдындагы энтропион диагнозу коюлуп, операция жасатууга туура келген. 

Энтропион — бул көздүн алды менен кирпиктердин каректи карай кайрылып калышы. Мындан улам көз кычышып, айнек челдин эрозиясын пайда кылышы мүмкүн.   

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров биринчи жолу коомчулукка күндөн коргоочу көз айнек менен 23-июлда чыккан