ТИМ: Бишкекте Француз-немец маданий институту ачылат

Элчинин айтымында, институтта алгачкы этабында немец жана француз тилдерин үйрөтүү курстарын ачуу пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германия жана Франциянын элчилери менен Бишкек шаарында Француз-немец маданий институтун ачуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Дипломаттар министрге аталган институттун ишмердүүлүгү жана милдеттери тууралуу маалымат берген. 

“Институтта алгачкы этабында немец жана француз тилдерин үйрөтүү боюнча курстарды ачуу пландалууда. Андан кийин маданий мүнөздөгү ар кандай иш-чаралар өтүшү мүмкүн”, — деп айтылат маалыматта. 

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Борбордук Азия чөлкөмүндө мындай институт Кыргызстанда гана түзүлүп, ал эми дүйнөдө төртүнчүсү болорун белгилешкен. 

Казакбаев бул демилге Кыргызстан, Германия жана Франциянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдайт деген ишенимин билдирген.