Россиянын Checkmate истребителинин презентациясы болду. Видео

Жуковскийдеги эл аралык авиакосмостук МАКС-2021 салонунда 5-муундагы жаңы Checkmate аскердик учагынын презентациясы болду. Бул Россиядагы биринчи бир кыймылдаткычтуу, жеңил көп багыттуу истребитель болуп саналат.
Sputnik

Аскердик учак кургактагы жана деңиздеги бутаны аткылоо үчүн ракета менен бомбаларды алып жүрө алат. Ошол эле учурда ал радарга байкалбай турган жана супер маневрлүү сапаттары менен айырмаланат.

"Ростехтин" жетекчиси Сергей Чемезовдун айтымында, жаңы истребителдин ылдамдыгы саатына 1,9 миң чакырымды түзөт. Ал эми учуу узактыгы үч миң чакырым.

"Биздин машинага пайдалуу жүктүн максималдуу көлөмүн жүктөсө болот. Тагыраагы, жети миң тоннага чейин алып жүрө алат", — деди Чемезов.

Маалыматта самолёт америкалык F-35 учагына салыштырмалуу артыкчылыктары көп экени жана анын башкы атаандашы болору белгиленген.

Учак "Сухой" компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Машина экспорт үчүн ылайыкталган. Баасы 25-30 миллион долларды түзөт.