Токиого Кыргызстандан алгачкы үч спортчу учуп кетти. Сүрөт

Олимпиада оюндары үч күндөн кийин старт алат. Жадыбал боюнча мелдеши эрте башталчулар Токиого учуп барып жайгашууда.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Япониянын Токио шаарында боло турчу Олимпиада оюндарына Кыргызстандан алгачкы үч спортчу машыктыруучусу менен учуп кетти. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Курама командадан биринчилерден болуп фехтование боюнча Роман Петров, ок атуу боюнча Каныкей Кубанычбекова жана суучул Денис Петрашов машыктыруучулары менен жөнөп кеткен. 

Токиого Кыргызстандан алгачкы үч спортчу учуп кетти. Сүрөт

Петрашов Түркияда машыгып жаткандыктан Токиого ошол жерден учуп барган. Жадыбал боюнча бул спортчулардын мелдеши эрте башталат.

Эске салсак, жайкы Олимпиаданын старт аларына үч гана күн калды. 23-июлда башталып, 8-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандык спортчулар 16 жолдомо алган.