Бишкектин айрым жерлеринде 12 күн газ жок болот. Тизме

"Газпром Кыргызстан" компаниясы тамак-аш даярдоо үчүн альтернативдүү энергетика булагына өтүүнү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкектин айрым жерлеринде 28-июндан 9-июлга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Бул күндөрү 1976-жылы эксплуатацияга берилген жер алдындагы түтүктөрдүн жабдыктары жаңысына алмаштырылат.
"Садырбаев, Лев Толстой, Миңжылкыев, Тыналиев, Ала-Арча дарыясы, Масалиев көчөлөрү жана Жал-23, "Ротор" от казаны менен чектешкен аймактарда көгүлтүр от берүү үзгүлтүккө учурайт", — дешти компаниядан.
"Газпром Кыргызстан" жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тамак-аш даярдоо үчүн альтернативдүү энергетика булагына өтүүнү сунуштады. Ошондой эле ишканадан жарандар үчүн газ колдонуу коопсуз болушу үчүн бардык күчүн жумшап жатканын кабарлашты.