Президенттик администрация: КР жарандыгын алып берем деген алдамчылар көбөйдү

Катчылык жарандык берүүгө байланыштуу маселелерде коррупциялык схемалар же фактылар болсо кабарлап коюуну өтүнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Президенттик администрациянын Жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы соңку учурда чет элдиктерге Кыргызстандын жарандыгын алып берүүнү убадалаган шылуундук топ чыкканын эскертти.
Аталган орган жарандык берүүгө байланыштуу маселелерде коррупциялык схемалар же фактылар болсо кабарлап коюуну өтүнөт.
"Акыркы учурда жарандык берүүдө, калыбына келтирүүдө, чет өлкөдөн келгендерди Кыргызстандын жарандыгына кабыл алууда ортомчулар тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө, алдоолорго кабылган адамдардан даттануулар түшүп жатат. Ушуга байланыштуу Жарандык боюнча комиссиянын катчылыгы сак болууга чакырып, кандайдыр бир коррупциялык көрүнүштөр болсо тиешелүү мамлекеттик органдарга токтоосуз билдирүүнү өтүнөт", — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын коомдук кабылдамаларынын даректери жана ишеним телефондору: