Мамлекеттик каттоо кызматына жаңы жетекчи келди

20-майда министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов Залкарбек Карыбековду бул кызматка дайындоо боюнча буйрукка кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Залкарбек Карыбеков Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин милдетин аткарат. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Залкарбек Карыбеков
Маалыматта 20-майда министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов Залкарбек Карыбековдун бул кызматка дайындоо боюнча буйрукка кол койгондугу айтылган. Буга чейин аталган ведомствону Акын Мамбеталиев жетектеп келген.