Акактап келе жаткан атаандашына суу сунган Көчкөнбаевдин ич жылыткан видеосу

Тяпкин жеңишке жетип, ал эми суу сунган ак жүрөк атаандашы марага экинчи болуп келген. Ал эми аялдар арасында Тяпкиндин жубайы өзгөчөлөнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ысык-Көлдө өткөн Run the Silk Road — Shanghai Cooperation Organization марафонунда көңүлдү жылыткан бир окуя болуп өткөндүгүн уюштуруучулар белгилешти.
Жөө күлүктөр Илья Тяпкин жана Жоодар Көчкөнбаев 30 чакырым аралыкты басып өткөндө биринчи спортчу жанына суу алганга жетишпей калган. Көчкөнбаев андан бир нече – 20 метрдей аралыкта артта келе жатканы менен колунда суусу болгон. Ал суусун ууртап, бир аз өзүнө чачып, андан соң Тяпкинге жете келген.
"Бир караганда суу ага бир аз болсо да күч берип тез чуркагандай боло баштаган. Бирок Жоодардын башка планы болгон, ал Тяпкинди кууп жетип, ага суу берген", — дешти уюштуруучулар.
Таймашка карабай акырында Тяпкин марага биринчи, ал эми Жоодар эки мүнөт төрт секундага артта келген.
15-май күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization эл аралык марафону өттү.
Иш-чарага 35 өлкөдөн 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору катышты. Жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты.
Марафондун (42 чакырым) жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды
Эркектер арасында:
Кыз-келиндер арасында: