Макгрегор жарыкка келген уулунун сүрөтүн көрсөттү

Макрегордун үй-бүлөсү бир кыз менен бир уулду тарбиялап жаткан. Спортчу жакында эле үчүнчү наристелүү болгон сүрөтүн жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. UFC боюнча ирландиялык мушкер Конор Макрегор жаңы төрөлгөн уулунун сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына койду.
Ал ымыркайга Райан деген ысым энчилегенин билдирди.
"Макрегорлордун кланы эми беш кишиден турат. Жакшынакай уул төрөлдү... Кудай, мага жана менин үй-бүлөмө берген жакшылыктарың үчүн ыраазымын", — деп жазган спортчу.
Макрегор менен Ди Дэвлин быйыл үй-бүлө курууга кам урган. Экөөнүн бир уул жана бир кызы бар болчу. Эми үчүнчү наристеси жарыкка келди.