Бишкекте Жеңиш майрамы кандай белгиленди. Иш-чаралардан 15 ирмем

Sputnik

Борбор калаада 9-май күнү "Жеңиш" аталышындагы автожүрүш болду. Бул иш-чара коронавирустан улам токтотулган "Өлбөс полк" жүрүшүнүн коопсуз альтернативасы болуп калды. Себеби жарандар өз унааларынын ичинде болушту. 100гө чукул автоунаа шаардын чок ортосунан баштап Чоң-Арык айылына чейин барышты.

Жеңиш күнүн утурлай Ош, Жалал-Абадда митинг-реквием өттү. Сүрөттөр
Эртең менен Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко президент Садыр Жапаров гүл койду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы, Жогорку соттун төрайымы, президенттин аппаратынын жетекчиси жана экс-президенттер катышты.

Коронавирустан улам "Өлбөс полкко" тыюу салынганына карабастан жүрүш баары бир болду. 50гө жакын адам ардагерлердин сүрөтүн көтөрүп Түштүк дарбазадан Өчпөс отко чейин Байтик баатыр көчөсүндөгү тротуар менен басып келишти.

 

1 / 15
Борбор калаада 9-май күнү "Жеңиш" автожүрүшү өттү
2 / 15
Автожүрүш коронавирустан улам токтотулган "Өлбөс полктун" коопсуз альтернативасы болуп калды
3 / 15
КР Улуттук гвардиясынын жоокерлери Улуу Жеңиштин 76 жылдыгын белгилөө учурунда
4 / 15
Аскер формасын кийген кыз
5 / 15
Автожүрүшкө 100гө чукул унаа катышты
6 / 15
Катышуучулар жүрүштү шаардын чок ортосунан баштап, Семетей, 2а (борбордун түштүк бөлүгү) дарегинен жыйынтыкташты
7 / 15
Автожүрүштүн алдында жуптар бийге түштү
8 / 15
Ретроавтого кызыгып караган бала
9 / 15
Коронавирустан улам "Өлбөс полк" жүрүшүнө тыюу салынганына карабастан жүрүш баары бир болду
10 / 15
50гө жакын адам ардагерлердин сүрөтүн көтөрүп Түштүк дарбазадан Өчпөс отко чейин Байтик баатыр көчөсүндөгү тротуар менен басып келишти
11 / 15
Автожүрүштүн катышуучулары желектерди желбирете көчөлөрдү аралашты
12 / 15
Автожүрүш Чоң-Арык айылынан аяктады
13 / 15
"Өлбөс полктун" жүрүшү быйыл өзгөчө форматта өтүп, ардагерлердин сүрөттөрү LED-экрандарга жайгаштырылды
14 / 15
Эртең менен Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко президент Садыр Жапаров гүл койду
15 / 15
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы, Жогорку соттун төрайымы, президенттин аппаратынын жетекчиси жана экс-президенттер катышты