Чек ара чырынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө 36 турак жай салына баштады

Курулуш үчүн шаардык мэрия Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер бөлүп берген. Ар бир үй-бүлөгө алты сотых жер берилип, ага төрт бөлмөлүү бардык шарты менен тамдар салынат. Аталган аймакка бала бакча жана сейил бак курулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Баткенде чек арадагы окуяда каза болгон жарандардын үй-бүлөсү үчүн 36 турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, курулуш иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталды. Буга чейин мамлекет башчы 28-29-апрель күндөрү чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон 36 адамдын үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырган.
1 / 3
Баткенде чек арадагы окуяда каза болгон жарандардын үй-бүлөсү үчүн 36 турак үйдүн курулушу башталды.
2 / 3
Билдирмеге караганда, курулуш иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталды.
3 / 3
Буга чейин мамлекет башчы 28-29-апрель күндөрү чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон 36 адамдын үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырган.
"Турак үйлөрдүн пайдубалын тургузуу аземине президенттин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, "Ихлас" курулуш компаниясынын өкүлдөрү, курман болгондордун жакындары катышты", — деп жазылат маалыматта.
Курулуш үчүн шаардык мэрия Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер бөлүп берген. Ар бир үй-бүлөгө алты сотых жер берилип, ага төрт бөлмөлүү бардык шарты менен тамдар салынат. Аталган аймакка бала бакча жана сейил бак курулары айтылды.
Бул үйлөрдү курулуш компанияларынын бири салып, иштер эки айда бүтө турганы кошумчаланды.