COVID: 6 бейтап каза таап, 321 адам ооруну жуктурду. Статистика

Учурда ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 458и оор, 85 бейтап өтө оор абалда экени кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан алты бейтап көз жумуп, 321 кыргызстандык ооруну жуктуруп алган. Ал эми айыгып чыккандардын саны 292 болду. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
"Бишкектен беш, Чүй облусунан бир бейтап, бардыгы болуп алты киши кайтыш болуп, коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1 655ке жетти", — деп айтылат маалыматта.
Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония менен 321 жаңы учур катталган:
Соңку сандарды кошкондо ооруну жугузгандар 98 400 кишиге жетти.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Учурда ооруканаларда дарыланып жаткан 1 653 кишинин ичинен 458и оор, 85 бейтап өтө оор абалда экени кабарланды. Амбулатордук дарыланууда 2 514 киши бар.