Бишкекте бешинчи кабаттан кулаган жигит ооруканага жетпей каза болду

Милиция Кылмыш кодексинин коопсуздук эрежелерин бузуу ченемдери боюнча кылмыш ишин козгоду. Каза болгон адам 20 жашта экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкекте курулуп жаткан турак үйдүн бешинчи кабатынан кулаган адам ооруканага бара жаткан жолдо каза болду. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
23 кишинин өмүрүн алган Мехикодогу көпүрө кырсыгы.  Видео
Жеринде аныкталган алдын ала маалыматтарга ылайык, 20 жаштагы жигит кырсыкка белгисиз жагдайда кабылган. Ал өзүнө келбей тез жардам унаасында көз жумган.
Кылмыш кодексинин 258-беренеси ("Коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.