Өлкөдөгү кырдаалдан улам Таласта өтчү ат оюндары токтотулду

Мелдештер Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн урматына арналган ат оюндары өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Мирзиёев Жапаров жана Рахмон менен сүйлөшүп, эки элди ынтымакка чакырды
4-9-май күндөргө Талас облусунда Улуу жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш белгиленген. Ал эми Ош шаарында ат оюндары каралган болчу.
Мелдештер токтотулду. Турнирлердин кайсыл убакытка жылганы азырынча айтыла элек.