Ош шаарында бир тууган балдардан COVID аныкталып эки мектеп жабылды

Балдарга оору апасынан жукканы айтылат. 10 жана 6-класстагы бир туугандар эки башка мектепте окуп жатышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ошто "Жетиген" мектеп-лицейи жана жеке менчик "Олимп" мектеп-гимназиясы эки окуучудан коронавирус аныкталып 14 күнгө жабылды. Бул туурасында Ош шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Эми 14 күн сабактар онлайн окутулат.
Окуучулардан COVID чыгып "Газпром Кыргызстан" мектеби карантинге жабылды
"Олимп" мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу 6-апрелден бери ооруп, мектепке келген эмес. 12-апрель күнү аталган окуучу кыздан COVID-19 аныкталган. Кийинчерээк анын "Жетиген" мектебинде 6-класста окуган бир тууган инисине вирус жукканы белгилүү болгон.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы балдарга оору апасынан жукканын айтууда. Анын илдетке шайлоо маалында үгүт иштерин жүргүзүп жүрүп кабылганы белгиленет.