БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. УКМК массалык түрдө автоунаалардын катализаторлорун мыйзамсыз сатып алып, андан ары Европага ташып турган каналды аныктады. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
23-февралда салмагы эки тонна болгон катализаторлорду Литва өлкөсүнө ташып бара жаткан контрабандалык жүк кармалган.
Мындан сырткары, 9-апрелде Бишкекте ушундай тетик сатып алып жаткан 12 жай аныкталып, таңгакталып, чет өлкөлөргө жиберүүгө даярдалган ири көлөмдөгү автоунаа катализаторлору алынган.
"Учурда УКМК бул жааттагы абалды көзөмөлгө алуу, экологиялык абалды жакшыртуу жана катализаторлор контрабандасына тиешеси бар делген мамлекеттик кызматтагы адамдарды аныктоо максатында комплекстүү аракеттерин улантууда. Милдеттүү техникалык кароо жокко чыгарылгандан кийин унааларды оңдоочу жайлардан автоунаа катализаторлорун уурдап сатуу көрүнүшү өскөнү байкалат", — деп айтылат билдирүүдө.
Катализатордо платина, палладий жана родий сыяктуу баалуу металлдар камтылгандыктан, андан эбегейсиз киреше алууга болору айтылат.
Учурда ыйгарым укуктуу органдар тарабынан автоунаа катализаторлорун сатып алуу жана сыртка чыгарууга тыюу салуу боюнча маселе каралууда.